Праздничное обращение руководителя Россотрудничества Элеоноры Митрофановой

Compressed file

Руководитель Россотрудничества Элеонора Валентиновна Митрофанова поздравила с 75-летием Победы в Великой Отечественной войне.

Уважаемые ветераны!

Дорогие друзья!

От имени Россотрудничества и от себя лично сердечно поздравляю всех с праздником: 75-летием Победы в Великой Отечественной войне!

В этот день мы чествуем наших ветеранов и склоняем головы перед их подвигом. Подвигом, который подарил нам мир на долгие десятилетия. Желаю вам, дорогие наши защитники, крепкого здоровья, долгих лет жизни, внимательных и заботливых детей и внуков!

Мы отдаем дань памяти героям и защитникам из всех союзных республик, входивших в то время в единый Советский Союз. Ежегодно в странах СНГ и дальнего зарубежья при поддержке Россотрудничества проходят акции в честь победителей.

На площадках Агентства за рубежом самые торжественные – это события, приуроченные ко Дню Победы. Это и тематические выставки, уроки памяти и концерты, посвященные нашим дорогим ветеранам. В этом году их пришлось перевести в онлайн формат из-за известных всем событий.

Россотрудничество, называвшееся в годы войны Всесоюзным обществом культурных связей с заграницей, внесло весомый вклад в завоевание Победы. Наши обширные гуманитарные контакты за рубежом способствовали объединению видных деятелей мировой культуры в борьбе с нацизмом. В тот период как проявление солидарности с советским народом в его борьбе против германского нацизма, были созданы многочисленные общества дружбы СССР.

Через ВОКС в Советский Союз поступали медикаменты, оборудование для госпиталей, другая гуманитарная помощь, приобретаемая на средства зарубежной общественности. По каналам ВОКС в Великобританию была доставлена партитура знаменитой Ленинградской симфонии Дмитрия Шостаковича, прозвучавшая затем по всему миру.

В этот героический и победоносный день мы также вспоминаем наших союзников по антигитлеровской коалиции. Приносим свою благодарность народам Великобритании, США и Франции за вклад в общую победу против «коричневой чумы». Особо отмечу создание в 1945 году Организации Объединенных Наций – универсального форума для поддержания глобального мира.

В нашей стране помнят и чтут вклад в Победу ветеранов Арктических конвоев. Мы благодарны британскому народу за гуманитарную помощь осажденному Сталинграду в дни войны. Для меня это особый город! Легендарный для всего мира Сталинград, ставший поворотным пунктом во Второй Мировой войне – мой родной город. Здесь память о мужестве его защитников и их величайшем подвиге впитывается новыми поколениями с рождения. Уверена, каждый человек в мире должен посетить это место, где каждый сантиметр полит кровью его героев ради нашего будущего, будущего наших детей и внуков.

Как особый день вспоминают наши народы историческую встречу на Эльбе советских защитников с союзнической армией из США. То доверие и единство должно оставаться для нас примером.

Народы Китая, Индии, Монголии и других стран были с нами по одну сторону баррикад и ковали вместе эту победу. Сегодня – наш общий праздник!

То поколение героев навсегда останется образцом благородства и отваги. Память об их беспримерном подвиге увековечена в песнях и фильмах, книгах и скульптурах. Память о них будет жить вечно!

Мы черпаем веру и силы для преодоления новых масштабных угроз в беспримерном мужестве наших ветеранов, в их Великой Победе, 75-летие которой мы сегодня празднуем!

Желаю всем мирного неба над головой, отличного самочувствия, благополучия родных и близких! Всего вам самого доброго. 

 

С праздником Великой Победы, друзья! Ура!

___________________________________________________

 

Урматтуу ардагерлер!
Кымбаттуу достор!

Россия кызматташтыгынын жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Бул күнү биз ардагерлерибизди куттуктайбыз жана алардын эрдигине таазим этебиз. Бул бизге ондогон жылдарга тынчтык тартуулаган эрдик. Сиздерге, кымбаттуу биздин коргоочуларга, чың ден соолук, узун өмүр, камкор балдарды менен неберелерди каалайм!
Биз ошол кезде бирдиктүү Советтер Союзунун курамына кирген бардык союздук республикалардан болгон баатырлардын жана коргоочулардын элесине таазим кылабыз. Жыл сайын КМШ өлкөлөрүндө жана алыскы чет өлкөлөрдө Россия кызматташтыгынын колдоосу менен жеңүүчүлөрдүн урматына акциялар өткөрүлөт.
Агенттиктин чет өлкөлөрдөгү аянтчаларында өткөрүлгөн эң салтанаттуу иш-чаралар – бул Жеңиш Күнүнө арналган иш-чаралар. Бул тематикалык көргөзмөлөр, биздин кымбаттуу ардагерлерге арналган эскерүү сабактары жана концерттер. Быйыл баардыгыбызга белгилүү болгон окуяларга байланыштуу аларды онлайн форматына которууга туура келди.

Согуш жылдары чет өлкөлөр менен Маданий алакалардын бүткүл союздук коому деп аталган Россия кызматташтыгы Жеңишке жетишүүгө чоң салым кошкон. Чет өлкөлөрдөгү биздин кеңири гуманитардык байланыштар нацизмге каршы күрөштө дүйнөлүк маданияттын көрүнүктүү ишмерлеринин биригишине өбөлгө түзгөн. Ошол мезгилде германдык нацизмге каршы күрөштө совет эли менен тилектештиктин көрүнүшү катары СССРдин көп сандаган достук коомдору түзүлгөн.

Маданий алакалардын бүткүл союздук коому аркылуу Советтер Союзуна дары-дармектер, госпиталдар үчүн жабдуулар жана чет элдик коомчулуктун каражатына алынган башка гуманитардык жардамдар берилип турган. Маданий алакалардын бүткүл союздук коомунун каналдары аркылуу Улуу Британияга Дмитрий Шостаковичтин атактуу Ленинград симфониясынын партитурасы жеткирилген, андан кийин ал бүт дүйнө жүзү боюнча жаңырган.

Мына ушундай баатырдыктын жана жеңиштин күнү биз антигитлердик коалиция боюнча өзүбүздүн союздаштарыбызды дагы эскеребиз. Улуу Британиянын, АКШнын жана Франциянын элдерине “күрөң чумага” каршы күрөштө жетишилген жалпы жеңишке кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Мен 1945-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун – глобалдык тынчтыкты сактоо боюнча универсалдуу форумдун түзүлгөнүн өзгөчө белгилеп кетким келет.

Биздин өлкөдө Арктика конвойлорунун ардагерлеринин Жеңишке кошкон салымын эскеришет жана урматташат. Биз британ элине согуш күндөрү курчоодогу Сталинградга гуманитардык жардамы үчүн ыраазыбыз. Мен үчүн бул өзгөчө шаар! Экинчи Дүйнөлүк согуштун бурулуш учуру болуп калган, бүткүл дүйнө үчүн легендарлуу Сталинград - менин туулуп өскөн шаарым. Бул жерде анын коргоочуларынын кайраты жана алардын улуу эрдиги жөнүндө эскерүү жаңы муундарга төрөлгөндөн тарта өтөт. Дүйнөдөгү ар бир адам биздин келечегибиз, балдарыбыздын жана неберелерибиздин келечеги үчүн ар бир сантиметри баатырлардын канына сугарылган жерге барышы керек деп ишенем.
Биздин элдер АКШнын союздаш армиясы менен советтик коргоочулардын Эльбадагы тарыхый жолугушуусун өзгөчө күн катары эскеришет. Ошол ишеним жана биримдик биз үчүн үлгү катары калыш керек.

Кытай, Индия, Монголия жана башка өлкөлөрдүн элдери биз менен баррикадалардын бир тарабында болушуп, бул жеңишке чогуу жетишкен. Бүгүн - биздин жалпы майрамыбыз!

Ошол баатырлардын мууну түбөлүккө асылдыктын жана кайраттуулуктун үлгүсү бойдон калат. Алардын теңдешсиз эрдиги жөнүндө эскерүү ырларда жана тасмаларда, китептерде жана айкелдерде түбөлүккө сакталган. Алардын элеси түбөлүк жашайт!

Биздин ардагерлерибиздин теңдешсиз эрдигинен, биз бүгүн 75 жылдыгын белгилеп жаткан алардын Улуу Жеңишинен жаңы масштабдуу коркунучтарды жеңүү үчүн ишеним жана күч-кубатты алабыз!

Баарыңыздарга ачык асман, чың ден соолук, туугандарыңыздарга жана жакындарыңыздарга бакубатчылык каалайм!

Достор, Улуу Жеңиш майрамыңыздар менен! Ура!